Росэксимбанк кыргыз-орус долбоорлорун каржылоо үчүн 27 млн долларлык линиясын ачат

Росэксимбанк кыргыз-орус долбоорлорун каржылоо үчүн 27 млн долларлык линиясын ачат

Росэксимбанк жаңы кыргыз-орус долбоорлорун каржылоо үчүн 27 млн долларлык линиясын ачат. Бул боюнча келишим Орус-кыргыз өнүктүрүү Фондунун (ОКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков менен Росэксимбанк башкармалыгынын төрагасы Талыбов Азер Муталим оглунун жолугушуусунда макулдашылды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, тараптар 2021-жылдын августуна чейин Россияга өндүрүштүн жогорку технологиялуу жабдууларын жана айыл чарба техникаларын КРга жеңилдетилген шартта жеткирүү боюнча лизингдик программаны баштоо мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну макулдашышты. Ушул программанын аркасында кыргызстандык ишкерлер мыкты шарттарда өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Россиянын технологиялары жана жабдуулары менен камсыздоочу алдыңкы компаниялар менен байланышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Россиянын финансылык институттары менен кызматташтыкты кеңейтүүнүн, КРгы долбоорлорго Россиянын инвестициясын колдоо, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду карап чыгуу жана бекитүү убактысын кыскартуунун маанилүүлүгүн белгилешкенин Фонддон маалымдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.