11 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан виртуалдык жыйын өттү – БАРЭК

11 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан виртуалдык жыйын өттү – БАРЭК

2021-жылдын 30-июнунда «Борбордук-азия регионалдык экономикалык кызматташуу» (БАРЭК) программасынын алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын кезектеги онлайн жолугушуусу болуп өттү. Ага КРнын Экономика жана Каржы, Санариптик өнүгүү, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрликтеринин, Туризм департаментинин өкүлдөрү катышкан. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 6-июлда кабарлады.

Жалпысынан виртуалдык иш-чарага БАРЭКке 11 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда БАРЭКтин программаларына ылайык бир топ маселелер каралды.

  • БАРЭКтин максаттарына жетүү жана жаңы демилгелер жөнүндө учурдагы маалымат, анын ичинде 2030-жылга чейин БАРЭКтин өнүгүү багытындагы отчету
  • БАРЭКтин ден-соолук жаатындагы кызматташтыгы, 2030-жылга чейинки стратегиясынын долбоору
  • БАРЭКтин санарип стратегиясынын долбоору (2030)
  • БАРЭКтин регионалдык инфраструктуралык долбоорлорун жеңилдетүү инструменти жана таза суу маселесине байланышкан көйгөйлөр
  • 2021-жылдын ноябрына пландаштырылган конференцияга даярдык көрүү

БАРЭК программасы – экономикалык өсүүгө жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган, кызматташтык аркылуу өнүгүүнү илгерилетүү үчүн биргелешип иштеп жаткан 11 мүчө-мамлекеттин өнөктөштүгү. БАРЭКке мүчө өлкөлөргө: Афганистан, Азербайжан, КЭР, Грузия, Казакстан, КР, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. Аймактык кызматташуунун приоритеттүү багыттары болуп транспорт, энергетика, соода саясаты жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана сооданы иштерин жеңилдетүү саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.