Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү макулдашты

Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү макулдашты

Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен инвестициялык фонд түзүү сыяктуу бир катар келишимдерди түзүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжанга болгон расмий иш сапарынан кийин белгилүү болгонун КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш сапардын алкагында министр Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен жолугушту. Эки тараптуу мамилелерди төмөнкү жолдор менен жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча макулдашышты:

  • соода-экономикалык кызматташтык боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү
  • Кыргызстан менен Азербайжандан товарларды жана продукцияларды өз ара экспорттоо жана импорттоо маселелерине көңүл буруу. Тараптар акыркы 5 айда өз ара соода жүгүртүүнүн 67% га өсүүшүн канааттануу менен белгилешти
  • Баку Бишкек каттамы боюнча түз аба каттамдарын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу
  • биргелешкен инвестициялык фондду түзүү
  • Азербайжандын «Алят» ЭЭАсын түзүү тажрыйбасын кыргыз тарапка өткөрүп берүү жана тиешелүү эксперттик топту КРга жөнөтүү
  • Азербайжан Өкмөтүнүн гранттары менен Бишкек шаарында эс алуу паркынын жана орто мектептин курулушун аяктоо
  • Бакуда Кыргызстандын соода үйүн түзүү
  • Covid-19га каршы вакциналарды КРга жеткирүү боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу.

Министр Р.Казакбаев инвестицияларды тартуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу, коррупцияга жана криминалитетке каршы күрөшүү, мамлекеттик башкарууну жана сот тутумун реформалоо боюнча Азербайжандын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экендигин айтты.

Жолугушуунун аягында Азербайжандын Өкмөт башчысы Кыргызстанга 2021-жылдын күзүндө келүүгө даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.