Ысык-Көлдөгү Корумду– Балбай Баатыр айлампа жолунун курулушу 128 млн долларга бааланды

Ысык-Көлдөгү Корумду– Балбай Баатыр айлампа жолунун курулушу 128 млн долларга бааланды

Узундугу 81 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай Баатыр унаа жолунун курулушунун жалпы наркы 128 млн долларга бааланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев бүгүн парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда билдиргенин 24.kg маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, долбоор беш донор (ОПЕК, ИБР, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт фонду жана Абу-Даби араб фонду) тарабынан каржыланат жана алардын ар биринин өзүнүн каражат бөлүү шарттары бар.

Жыйында депутат Калдарбек Баймуратов жолду бир катмарлуу кылып асфальттай турган болсо, каражат текке кетерин айтты.

«Ысык-Көл айлампа жолу бүтүшү керек. Бирок эч кандай нааразычылыктар болбошу үчүн чыгымдарга көңүл буруу керек. Комитет 128 млн доллар бөлүүгө макулдук берет, бирок кийинчерээк жолдун бир чакырымы эмнеге кымбат деген суроо болбош керек», – деди ал.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев жолдо белгилер коюлуп жаткандыгын жана жумуш бир айдын ичинде бүтүшү күтүлүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы соода-базар комплекси борбор калаадагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат. Объекттин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзүп, эки кабаттан жана бир жер алдындагы деңгээлден турат. Долбоор

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы автовокзалдын курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында курулуп жаткан жаңы заманбап автовокзал комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президентт Мамлекет башчысына 9 блоктон турган комплекстин долбоору сунушталды. Анда айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, кеңири күтүү залы, перрон, административдик имарат, коммерциялык жайлар, ошондой эле шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал бул күн улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, анын өлкөнүн эгемендүү финансы системасын калыптандыруудагы маанисине токтолду. Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, ички дүң продуктунун көлөмү эки