Айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо аянттары көбөйдү

2021-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо аянттарынын көбөйгөнү белгиленди. Мындай маалыматты Улутстатком билдирди.

Айыл чарба өсүмдүктөрү айдалган жалпы айдоо аянты 2021-жылы 1 млн 200 миңден ашык гектарды түздү, бул өткөн жылга караганда 0.2%га көп.

Өсүү дан эгиндерин айдоо аянттарынын – 1.5%га, алардын ичинен буудай – 1.2%га, арпа – 2.3%га жана дандык жүгөрү –  0.7%га көбөйдү. Мындан тышкары, кант кызылчасын айдоо аянты – 22.8%га, жашылчалар – 2.7%га жана башка өсүмдүктөрдү айдоо аянты – 3.9%га көбөйгөнү байкалды.

Муну менен катар, май алына турган өсүмдүктөрдү айдоо аянттары – 12.9%га, пахта – 11.7%га, азык-түлүк бакча өсүмдүктөрү – 5.5%га, картошка – 1.8%га, ошондой эле тоют өсүмдүктөрүн айдоо аянттарынын – 0.5%га азайганы белгиленди.

Айдоо аянттарынын эң көп үлүшү Чүй облусунун чарбаларына – 34.2%, Ысык-Көл – 15.0%, Ош – 14.7%, Жалал-Абад – 12.8% жана Нарын облусунун чарбаларына – 9.0%ы туура келет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү