Акыркы 10 жылда Кыргызстандын мамлекеттик карызынан 208 млрд сом төлөндү

Акыркы 10 жылда Кыргызстандын мамлекеттик карызынан 208 млрд сом төлөндү

2021-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 933.06 млн долларды же 418 млрд 322 млн сомду түздү. Алардын 84.8%ы, тагыраак айтканда, мамлекеттин тышкы карызы – 4 млрд 182.95 млн доллар (354 млрд 713.66 млн сом) болду. Ал эми мамлекеттин ички карызы – 15.2% болуп, 750.11 млн долларга (63 млрд 609.14 млн сом) жетти.

Мамлекеттик карыз эмнеден турат? Негизинен тышкы карыз бул чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга болгон карыз. Мамлекеттин ички карызы болсо, бюджеттин чыгымдары кирешеден ашып кетишинен, башкача айтканда бюджеттин тартыштыгынын шартында келип чыгат. Ошондуктан мамлекеттик насыялар бюджеттин тартыштыгын каржылоонун артыкчылыктуу булактарына айланууда.

Кыргызстандын тышкы карызы негизинен эл аралык кредиттик келишимдерден турат. Өлкөнүн карызынын негизги бөлүгүн жеңилдетилген шартта берилген насыялар түзөт. Насыялар өлкөдөгү акчанын тартыштыгын жабуу, ишканалардын инвестициялык ишмердүүлүгү, стратегиялык объектилерди оңдоо жана реконструкциялоо үчүн алынып жатат.

Ички карыз – бул мамлекеттин калкка болгон карызы. Ал баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен түзүлөт. Кыргызстандагы бул процессти Улуттук банк жетектейт, ал Улуттук банктын ноталарын, мамлекеттик казына облигацияларын жана мамлекеттик казына векселдерин жайгаштырат. Мындан тышкары, ага банктар жана башка кредиторлор тарабынан мамлекетке берилген насыялар, жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттин карыздары кирет.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар