Баалар асман чапчыды, бирок чечимдер күзгө калды – Соода өнөр-жай палатасында ишкердүүлүк боюнча комитеттин отуруму өттү

Баалар асман чапчыды, бирок чечимдер күзгө калды – Соода өнөр-жай палатасында ишкердүүлүк боюнча комитеттин отуруму өттү

Кечээ, 6-июлда КРнын Соода өнөр-жай палатасында Агро өнөр-жай комплексинде жеке ишкердүүлүк жана кайра иштетүү өнөр-жайы Комитетинин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу СӨПтүн маалымат кызматы кабарлады.

Отурумда Комитеттин мүчөлөрү азык-түлүккө баалардын 70-80 %га чейин өсүп кетишин жана өндүрүүчүлөр, кайра иштетүүчүлөр жана сатып алуучулар ортосунда баага баланстын жоктугун талкуулашты. Андан улам баалардын анализин жүргүзүп, аларды салык саясаты, калктын белгилүү катмарына жеңилдиктер, жарманкелер сыяктуу механизмдер аркылуу рыноктун бардык катышуучуларына ыңгайлуу болгон бир көрсөткүчкө алып келүү муктаждыгы белгиленди.

Берилген маалыматка ылайык, отурумдун катышуучулары эң курч суроолорду жана артыкчылык берилген багыттарды бир ай ичинде аныктап, күздө чогулуп, талкуулоону чечишти.

«Жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү фондунун» директорлор кеңешинин төрагасы Руслан Тагаев кошумчалагандай, жумушчу топ квартал сайын же андан тез убакыт сайын жолугуп, отурумдардын жыйынтыктары менен өз сунуштарын Министрлер Кабинетине, президенттин Аппаратына жана Айыл-чарба министрлигине жөнөтүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.