Белгисиз адамдар унаа токтотуучу жайлардан акча алышууда – мэрия мындай учурларды кабарлап коюуну суранат

Белгисиз адамдар унаа токтотуучу жайлардан акча алышууда – мэрия мындай учурларды кабарлап коюуну суранат

Борбор калаанын мэриясы шаардыктардан муниципалдык унаа токтотуучу жай үчүн төлөмдөрдү мыйзамсыз чогулткан учурларын байкап калсаңыз, кабарлап коюуну суранат.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар дем алыш жана майрам күндөрдөн тышкары, эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иштейт. Унаа токтотуу  15 мүнөткө чейин акысыз.

Муниципалдык операторлор «Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайлары» деген муниципалдык ишкананын, Бишкек шаарынын мэриясынын эмблемасы түшүрүлгөн атайын жашыл жилеттерди кийишет жана жанында төш белгилери бар, ошондой эле алар төлөгөндүгүн тастыктаган штампы бар талон беришет.

Ар дайым ишкананын адистери тарабынан муниципалдык унаа токтотуучу жайды пайдалангандыгы үчүн мыйзамсыз акы алган белгисиз адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп келет.

Эскерте кетсек, дем алыш жана майрам күндөрү ишкананын операторлору иштебейт жана ошого жараша унаа токтотуучу жайды пайдалангандыгы үчүн акы алышпайт.

Урматтуу шаар тургундары, эгер сиз атайын жилети жок адамдар сизден акча талап кылып, талон бербей жаткандыгына күбө болсоңуз, анда Чүй проспектиси 315 дарегине (8-кабат)  видео жана фото фактылар менен «Бишкек унаа токтотуучу жайлары» муниципалдык ишканасына кайрылууңуздарды жана кайрылууларды parkovki@meria.kg. электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү суранабыз.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.