Депутаттар социалдык көйгөйлөрдү лотерея бизнесинин эсебинен чечүүнү көздөшүүдө
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кечээ, 6-июлда, КРнын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды. Документте мамлекеттик лотереяны жандандыруу жана лотерея билеттерин сатуунун электрондук системасын киргизүү каралган. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Лотерея билеттерин сатуунун электрондук системасы ар кандай лоторея өнүмдөрү менен көрсөтүлгөн заманбап лотереялык рынокту түзүүгө мүмкүндүк берет. Лотереянын заманбап түрлөрү тейлөө чөйрөсүндө экономиканын масштабдуу жана динамикалык тармагы болуп, олуттуу жана туруктуу киреше алып келиши мүмкүн деп эсептешет мыйзам долбоорунун авторлору.
Сунуш кылынган мыйзам долбоорунун негизги максаттарынын бири – билеттерди сатуу үчүн жалпыга жеткиликтүү жана заманбап технологияны киргизүү аркылуу, лотерея бизнесинин көлөмүн жана социалдык чөйрөгө акча каражаттарын бөлүштүрүүнү жана лотерея рыногун өнүктүрүүнү ишенимдүү көзөмөлдөө, утуштарды төлөө жана жаңы лотерея оюндарын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү болуп саналат.
«Эл аралык тажрыйбада лотереядан түшкөн каражат социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат», – дейт депутат Гүлшат Асылбаева.
Долбоордун демилгечилери – Бакыт Төрөбаев менен Гүлшат Асылбаева.