ИИМ жарым жылда эле 906 каржылык пирамиданын бетин ачты
КРнын Ички иштер министрлиги алты ай ичинде каржы пирамидаларын уюштуруу боюнча 906 фактыны каттады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.
Каржы пирамидалардын көпчүлүгү Ысык-Көл облусунда (886 факт) аныкталган. Ош шаарында – 16 иш катталса, Талас облусунда – 3, Баткенде – алардын саны бирди түзгөн. Анын ичинен 875 факт сотко жөнөтүлүп, 1 иш токтотулган.
Жарандарга келтирилген материалдык чыгым 34.7 млн сомду түзгөн.
ИИМ сизге жогорку киреше жана акча табуунун жеңил жолдору сунушталса, ага ишенбөөгө чакырат. Алдамчылар жакшы манипуляторлор, алар адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир эте билишет. Мындай иш-аракеттер КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси «Финансылык пирамидаларды уюштуруу» мыйзамына ылайык жазаланат.