Кыргызстан курулуш документтерин алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт

Кыргызстан курулуш документтерин алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт

Кыргызстан кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоо жана куруу боюнча документтерди алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт. Тиешелүү долбоор коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун максаты болуп – кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого жана курууга документтерди алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү аркылуу ашыкча административдик тоскоолдуктарды четтетүү болуп саналат жана өз кезегинде бул КРнын аймагында курулушту ишке ашырууда ишкердик ишинин шарттарына жана инвестициялык салымдарга оң таасирин берет.

Документте төмөнкүлөр каралган:

  • архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды бириктирүү менен Архитектуралык-шаар куруу корутундусу аталыштагы бирдиктүү документте шаар куруу корутундусун алуу
  • экспертизадан өтүү зарылчылыгы жок, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте уруксат документтерди алуу зарыл болуучу объекттердин ар кандай түрүнүн санын көбөйтүү, ушуну менен жогоруда аталган объекттердин долбоорлоо ченемдерин сактоо жоопкерчилиги долбоордун башкы архитекторуна так жүктөлүшү керек
  • жобонун долбоорлоо документтерин макулдашуу жана экспертиза  жол-жоболорун регламенттөө бөлүгүндө толуктоолорду киргизүү жолу менен долбоорлоо жана куруу жол-жоболорун айкалыштыруу режимин киргизүү
  • шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдарынын жана Мамлекеттик экспертиза органынын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн «Бирдиктүү терезе» борборлорунун ишинин регламентин бекитүү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.