Кыргызстанда цементтин баасы бир айда 13%га көтөрүлдү

Кыргызстанда цементтин баасы бир айда 13%га көтөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында республика боюнча 50 кг цементтин чекене баасы орточо эсеп менен 355.1 сомду түзгөн жана бул май айына салыштырмалуу дээрлик 13%га өскөн. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.

Ал эми кирпичтин баасы, тийиштүүлүгүнө жараша, салыштырмалуу  1000 даана үчүн 7 840.8 сомду түзгөн жана 5%га өскөн.

Цементке болгон максималдуу чекене баалар Кара-Балта шаарында (50 кг үчүн 400 сом), Чаек айылында (50 кг үчүн 399.9 сом), жана Нарын шаарында (50 кг үчүн 394.9 сом) түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Жалал-Абад жана Өзгөн (50 кг үчүн 300 сом), Ноокат (50 кг үчүн 320 сом) шаарларында катталды.

Кирпичке карата чекене баалар Токмок (1000 даана үчүн 13 228.8 сом), Исфана (1000 даана үчүн 12 000 сом), Ноокат (1000 даана үчүн 10 247 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү, ал эми ага карата минималдуу баалар Кара-Суу  (1000 даана үчүн 2 978.1 сом), Кербен (1000 даана үчүн 3 741.7 сом) жана Өзгөн (1000 даана үчүн 5 899.2 сом) шаарларында байкалды.

Цементке болгон баанын өткөн айга салыштырмалуу Кара-Балта шаарында 21.2%га, Бишкек шаарында 18.2%га, жана Ош шаарында 14.5%га пайызга олуттуу өсүшү катталды, ал эми кирпичке болгон баалар Исфана шаарында 41.2%га, Кара-Балта шаарында 40.0%га жана Кербен  шаарында 21.9%га өскөнү катталды.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар