Президент бейөкмөт уюмдардын отчет берүү боюнча талаштуу мыйзамына кол койду

Президент бейөкмөт уюмдардын отчет берүү боюнча талаштуу мыйзамына кол койду

26-июнда президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» чуулгандуу мыйзамдагы түзөтүүлөргө кол коюп, бейөкмөт уюмдарды өздөрүнүн каржылык иштери жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирген. Бул түзөтүүлөргө өлкөдөгү бардык ири өкмөттүк эмес уюмдар каршы болуп, президентти мыйзам долбооруна кол койбоого үндөшкөн болчу.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми акысыз негизде берилген акчалай жана материалдык ресурстардын эсебинен иш алып барган коммерциялык эмес уюмдар (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден тышкары), жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтында акча каражаттарынын келген булактары, аларды сарптоонун багыттары жөнүндө маалыматтарды жарыялап турууга милдеттендирилет.

Маалыматты жайгаштыруунун формасы жана тартиби Жапаров кол койгон түзөтүүлөрдө көрсөтүлгөн КРнын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Кирешенин өлчөмү жана түзүмү, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун мүлкүнүн көлөмү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сыр болбой калат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, 17-июнда бул мыйзам долбоору үчүнчү акыркы окууда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан жактырылган.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар