Санариптик өнүгүү министрлигине он күндүн ичинде эмдөөдөн өткөндөр үчүн тиркеме иштеп чыгуу тапшырылды

Санариптик өнүгүү министрлигине он күндүн ичинде QR кодун колдонуу менен коронавирус вакцинасын алган жарандарды идентификациялоону камсыз кылган мобилдик тиркемени иштеп чыгып, ишке киргизүү тапшырылды.

Мындай буйрукту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова COVID-19 боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумунда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, Бакашова мамлекеттик кызматкерлерге мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик посттордун ишин күчөтүү, убактылуу жана көчмө эмдөө пункттарынын үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу жана Кытайдан келген вакциналардын партиясын калк арасында пропорционалдуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү