Centerra Gold КРнын Өкмөтүнө жана «Кыргызалтын» ААКсына кошумча дооматтарды койду

Centerra Gold КРнын Өкмөтүнө жана «Кыргызалтын» ААКсына кошумча дооматтарды койду

Centerra Gold Inc. арбитраждык сотто КРнын Өкмөтүнө кошумча доо арыздарды келтирип, «Кумтөр» кенин мыйзамсыз экспроприациялагандыгына байланыштуу, «Центерранын» ири акционери болгон «Кыргызалтын» ААК мамлекеттик ишканасына дооматтарды койду. Мындай билдирүү компаниянын сайтында кечээ, 7-июлда жарыяланган.

Centerra Кыргызстандын өкмөтүн жана «Кыргызалтын» ААКны алтын кенин тартып алуу боюнча «узак мөөнөттүү инвестициялык келишимдерди бузду жана  Центеррага эч кандай компенсация төлөгөн жок» деген айып менен кеткен чыгымдардын бардыгы үчүн жоопко тартууга ниеттенүүдө.

Түзөтүлгөн арбитраждык билдирүүдө «Кыргызалтын» ААКсы кыргыз өкмөтү менен тымызын иш алып барып, убактылуу «тышкы башкарууну» жамынып алып, кенди көзөмөлгө алганы жана Кумтөрдүн иши менен «Центеррадагы» үлүшү боюнча өкмөттүн көрсөтмөсү боюнча иш алып барып жаткандыгы айтылат.

«Акционер катары бейтарап аянтчада ар кандай талаш-тартыштарды адилеттүү арбитраж аркылуу чечүү милдетин аткаруунун ордуна, өкмөт жана анын адамдары менен иш алып барып, «Центерранын» инвестициясын жана миңдеген кыргыз жумушчуларынын өмүрүн тобокелге салып, «Кумтөр» кенин экспроприациялоону көздөштү», – дейт президент жана аткаруучу директор Скотт Перри.

Скотт Перри компания бул талаш-тартышты кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогдо чечүүнү туура деп эсептейт, бирок кыргыз өкмөтү сүйлөшүүдөн бир нече жолу баш тартуусу арбитраждык жана башка мыйзамдуу жолдор менен натыйжалуу каражаттарды издөөдөн башка арга калтырбай жатат деп кошумчалады.

  • Белгиленгендей, 16-майда Centerra өзүнүн 100% туунду компаниясы «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасына каршы аракеттерге, анын ичинде негизсиз айып пулдарды жана салык талаптарын, ошондой эле «КГКны» «тышкы башкарууга» жол берген мыйзамга жооп иретинде арбитраждык сот ишин баштаган.
  • Колдонулуп жаткан инвестициялык келишимдерге ылайык, «Центерранын» талаптары Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода мыйзамдары боюнча комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) Швециянын Стокгольм шаарында өтүүчү арбитраждык сот өндүрүшүндө каралат.
  • Келишимдерге ылайык, колдонулуп жаткан мыйзам Нью-Йорк штатынын мыйзамы болуп саналат. «Центерра» Гаагадагы Арбитраждык Туруктуу Соттон арбитрди тезинен тандоо үчүн компетенттүү органды дайындоону суранды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылы район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалган. Азыркы тапта анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү. Асфальттоо иштери Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырымында, Эфиронос – Тельман

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Ош шаарындагы курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайга инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү Ош шаарынын Спортивная көчөсү 5/1 дарегинде жайгашкан турак жайда өткөрүлгөн. Ага курулушту жүргүзүп

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд ААКсы "Кыргыз Республикасында МЧОИ үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү" долбоорунун "Жашыл кепилдиктер" компонентин ишке ашырууну баштап, ага катышуу үчүн финансылык уюмдарды тандоону жарыялады. Фонддун маалыматына ылайык, долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт. Анын максаты – микро, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин