Кыргызстан 20 мамлекеттин эмдөө сертификаттарын тааныйт

Кыргызстан 20 мамлекеттин эмдөө сертификаттарын тааныйт

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 20 мамлекеттен коронавируска каршы эмдөө сертификаттарын тааныйт. Бул тууралуу эл аралык «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Сертификаттары таанылган өлкөлөрдүн тизмеси:

  1. Улуу Британия
  2. Венгрия
  3. Катар
  4. Израиль
  5. Грузия
  6. Сауд Арабия Падышалыгы
  7. БАЭ
  8. Корея
  9. Польша
  10. Сан-Марино
  11. Казахстан
  12. Өзбекстан
  13. Россия
  14. Румыния
  15. АКШ
  16. Түркия
  17. Германия
  18. Франция
  19. Швейцария
  20. Евросоюз (Брюсселдеги бирикменин медициналык кызматы тарабынан берилген сертификат).
  • Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстанга киргенде 72 сааттан кечиктирбестен өткөрүлгөн ПЦР-тесттин  натыйжаларын же коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган документти көрсөтүү керек.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар