Кыргызстанда криптовалюта биржаларын түзүү сунушталууда

Кыргызстанда криптовалюта биржаларын түзүү сунушталууда

Кыргызстанда криптовалюта биржаларын түзүү сунушталууда. «Криптоактивдерди жүгүртүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, ЖКнын сайтында жарыяланды.

«Криптоактивдерди жүгүртүү жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоору криптоактивдерди жүгүртүүдө жаралуучу мамилелерди мыйзамдар менен жөнгө салуу, анын ичинде криптоактивдерди түзүү, чыгаруу, сактоо жана жүгүртүү маселелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Криптовалюта биржаларынын болушу криптовалюталарды өтө өтүмдүү активдерге айлантууга жардам берет: бир нече секунданын ичинде криптовалютаны сатып алуу же сатып жибере аласыз, бул рынокко кирүү – же тескерисинче, андан тез чыгып кетүү мүмкүн.

Мыйзам долбоору ири финансы операцияларын кызыктырган жана Кыргызстандын эл аралык криптоактивдер рыногуна киришин камсыз кылган криптовалюта биржаларын КРнын аймагында жүргүзүү үчүн тийиштүү талаптарды жана шарттарды камтыйт дешет долбоордун демилгечилери.

Мыйзам долбоордо коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн санарип финансы активдеринин түшүнүктөрү киргизилүүдө, аларга криптоактив жана токен кирет,  ошондой эле мыйзамдар менен криптоактивдерди жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттары бекитилип жатат.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору өнөр жай майнинги – туташтырылган кубаттуулугу 30 МВт/с жана жогору болгон майнинг боюнча иш жана жеке майнинг – туташтырылган кубаттуулугу 30 МВт/с чейинки майнинг бирок 15 МВт/с кем болбошу керек деген сыяктуу түшүнүктөрдү берет.

Долбоордун демилгечиси депутат Жыргалбек Турсункуловдун айтканына таянсак, санарип финансы активдерин ээлеринин тобокелдиктерин төмөндөтүү жана криптоактивдер менен бүтүмдөрдү жасоодо жарандарды коргоо максатында мыйзам долбоору менен  криптоактивдерди жүгүртүү чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана милдеттенмелери, майнерлердин электрондук реестрин милдеттүү жүргүзүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдеринин ишине лицензия берүү жана криптоактивдерди жүгүртүү чөйрөсүндө жарнамага талаптар жана башка чаралар караштырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылы район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалган. Азыркы тапта анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү. Асфальттоо иштери Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырымында, Эфиронос – Тельман

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Ош шаарындагы курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайга инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү Ош шаарынын Спортивная көчөсү 5/1 дарегинде жайгашкан турак жайда өткөрүлгөн. Ага курулушту жүргүзүп

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд ААКсы "Кыргыз Республикасында МЧОИ үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү" долбоорунун "Жашыл кепилдиктер" компонентин ишке ашырууну баштап, ага катышуу үчүн финансылык уюмдарды тандоону жарыялады. Фонддун маалыматына ылайык, долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт. Анын максаты – микро, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин