ОКӨФ «Бакубат Талас» Фонду менен бирге Талас облусунда долбоорлорду каржылоо программасын баштайт

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду (ОКӨФ) жана «Бакубат Талас» Фонду Талас районундагы долбоорлорду комплекстүү каржылоо боюнча биргелешип иш алып барууга макулдашты. Бул тууралуу, кечээ, 7-июлда «Бакубат Талас» Фонду менен өз ара кызматташуу боюнча ОКӨФ менен «Альянс Алтын» ЖЧКнын жетекчилигинин жолугушуусунан кийин белгилүү болду.

ОКӨФ бул ыкма регионго оң таасирин тийгизип, калкты иш менен камсыз кылуунун өсүүсүн камсыз кылат деп ишенет.

Биргелешкен каржылоонун натыйжасында өндүрүлгөн айыл-чарба продукциялары Талас облусунун бардык аймактарына жеткирилет.

Ушул максатта «Бакубат Талас» Фондунун каражаттарынан насыя линиясын ачуу пландаштырылууда. ОКӨФ өз кезегинде өнүгүү потенциалы бар долбоорлорду тандап, аларга каражат бөлүүнү көзөмөлдөйт. Тараптар ошондой эле ушул багытта сүт азыктарын өндүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү пландаштырууну талкуулаганын уюмдун басма сөз кызматы маалымдады.

Фонддун берген маалыматына таянсак, жакынкы аралыкта Талас облусунда долбоорлорду ишке ашырууну баштоо үчүн ресурстарды биргелешип пайдалануу боюнча тиешелүү келишимге кол коюу пландаштырылууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү