ОКӨФ ишкерлерге каржылоо алуу үчүн документтерди даярдоого жардам берет

ОКӨФ ишкерлерге каржылоо алуу үчүн документтерди даярдоого жардам берет

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) ишкерлерге бизнес-долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого жана инвестициялык долбоорлорго потенциалдуу каржылоо алууга жардам берет. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

РФнын колдоосу менен каржыланган ПРООНдун «КМШ аймагындагы туруктуу өнүгүүнү каржылоо потенциалын күчөтүү» долбоорунун алкагында приоритеттүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү иштери улантылууда.

Долбоорду тандоонун минималдуу критерийлерине жооп берген жана алдын-ала тандоодон өткөн долбоорлор техникалык колдоого кайрыла алышат.

Приоритеттүү бизнес-долбоорлор:
  • Жашыл долбоорлор (климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана кесепеттерин жумшартуу)
  • Аялдарга / жаштарга / аймактык ишкердүүлүккө оң таасирин тийгизген көптөгөн жумушчу орундарын түзүүчү долбоорлор
  • Өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого багытталган долбоорлор
  • Импортту алмаштырууга багытталган долбоорлор
  • Инновациялык технологияларды колдонуу менен өндүрүш иштетүү
  • Социалдык-экономикалык натыйжа берген долбоорлор.

Техникалык колдоого кайрылуу үчүн, толтурулган анкетаны электрондук форматта projectpreparations@gmail.com почтасына 2021-жылдын 9-июлунда саат 24:00гө чейин жөнөтүү керек.

Тандоо критерийлерин кароо үчүн жана анкетанын формасын алууга бул шилтеме аркылуу кире аласыз.

  • Бардык суроолор боюнча projectpreparations@gmail.com почтасына же 0778 13 58 87 номерине кайрылсаңыз болот (чалуулар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 15:00дөн 17:30га чейин кабыл алынат).

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар