Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына Кыргызстанда төрт мектептин курулушу аяктады

Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына Кыргызстанда төрт мектептин курулушу аяктады

Сауд өнүктүрүү фонду каржылаган «27 мамлекеттик мектептин курулушу»  долбоорун ишке ашыруунун алкагында 4 мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш агенттигинен маалымдашты.

Бекитилген план боюнча, бардык 27 билим берүү объектилери жылдын аягына чейин курулуп бүткѳрүлѳт. Ал эми азыркы учурда 4 мектептин курулушу бүткөн.

Бул объекттердин тендер боюнча жалпы сметалык наркы 25 млн 747 миң долларды түзөт. Анын ичинен  бүгүнкү күндө фонд тарабынан 13 млн 640 миң доллар каржыланган, ал эми подряддык уюмдар тарабынан аткарылган иштин көлөмүнѳ ылайык, 15 млн 600 миң доллар өздөштүрүлгөн.

Белгилей кетсек, мектептердин курулушу өлкөнүн бардык аймактарында курулуп, 15 миңден ашык окутуу жайы менен камсыздоого шарт түзөт. Бишкек шаарында – 3 мектеп, Ош шаарында – 1, Ош облусу боюнча – 5 билим берүү объектиси, Чүйдө – 4, Ысык-Көлдө – 3, Жалал-Абадда – 3, Нарында – 3, Баткенде – 3 жана Талас облусунда – 2 мектеп курулуп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылы район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалган. Азыркы тапта анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү. Асфальттоо иштери Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырымында, Эфиронос – Тельман

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Ош шаарындагы курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайга инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү Ош шаарынын Спортивная көчөсү 5/1 дарегинде жайгашкан турак жайда өткөрүлгөн. Ага курулушту жүргүзүп

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд ААКсы "Кыргыз Республикасында МЧОИ үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү" долбоорунун "Жашыл кепилдиктер" компонентин ишке ашырууну баштап, ага катышуу үчүн финансылык уюмдарды тандоону жарыялады. Фонддун маалыматына ылайык, долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт. Анын максаты – микро, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин