АКШ элчилиги чек арачыларга 170 миң долларлык жабдыктарды белек кылды

АКШ элчилиги чек арачыларга 170 миң долларлык жабдыктарды белек кылды

АКШнын Элчилиги радиацияны аныктоо жана идентификациялоо үчүн Кыргызстандын Чек ара кызматына 170 миң долларлык жабдууларды берди. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 8-июлда КРнын УКМКнын Чек ара кызматында (КР УКМК ЧАК) өткөн салтанат учурунда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги АКШнын Энергетика министрлигинин Улуттук ядролук коопсуздук, өзөктүк контрабанданы табуу жана токтотуу боюнча администрациясынын (NSDD) атынан, жалпы акчалай наркы 170 миң доллардан ашкан радиацияны аныктоочу жана идентификациялоочу кол жабдыктарын тапшырды.

Бул жабдыктар чек ара кызматкерлерине өлкөнүн чек араларында радиоактивдүү материалдардын мыйзамсыз айлануусун оңойлук менен аныктоого жана токтотууга мүмкүнчүлүк берет.

АКШнын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Брайан Стиммлер: «Коопсуз чек аралар коопсуз дүйнөнү сактайт жана АКШ кыргыз чек араларын, бардыгыбызга таасирин тийгизген адам сатуу, өзөктүк материалдардын контрабандасы, глобалдык пандемия жана эл аралык терроризм сыяктуу глобалдык коркунучтардан сактап калуу үчүн КРны колдоого милдеттенет», – деди.

  • АКШ менен Кыргызстандын өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча кызматташтыгы он жылдан ашуун убакыттан бери созулуп келе жатат. Бишкекте 2008-жылы август айында АКШнын Энергетика министрлигинин Улуттук ядролук коопсуздук, өзөктүк контрабанданы табуу жана токтотуу боюнча администрациясынын (NSDD) жана КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда 2015-жылы аяктаган 16 чек ара бекетинде радиацияны аныктоочу тутумдарды орнотуу боюнча кызматташтыкты орноткон өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Жалдагы №80 мектепке заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Жалдагы №80 мектепке заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жал кичи районундагы 29/8 дарегинде жайгашкан №80 орто мектептин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушун улантууда. Мэриянын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн заманбап спорт комплекси курулат. Объекттин аймагында спорт залы, футбол аянтчасы, чуркоо үчүн жол, воркаут

Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 7-июлда, Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча кенен пикир алышты. Садыр Жапаров жогорку даражалуу конок менен саламдашып, өткөн жылдын декабрь айында Исламабад

Чоң-Кемин дарыясынын жээгин суу жеп, бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

Чоң-Кемин дарыясынын жээгин суу жеп, бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

6-июлда Кемин районунун Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Шабдан айылынан агып өткөн Чоң-Кемин дарыясынын суусунун агымынын күчөшүнөн улам оң жээкти суу жеп, жээк эрозиясы пайда болгон. Натыйжада №32 жол тейлөө кызматынын карамагындагы Кемин – Шабдан унаа жолунун 41-чакырымында жайгашкан көпүрөгө коркунуч жаралган. ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда кырдаал толугу

Бишкек Жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Бишкек Жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Бишкек шаарындагы ЖЭБде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүү максатында оңдоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, алдыдагы жылытуу мезгилинде негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга багытталган. Оңдоо иштеринин алкагында казан агрегаттарына,