АКШ КРнын бейөкмөт уюмдардын отчет берүүгө милдеттендирген мыйзамды кабыл алганына терең тынчсызданат

АКШ КРнын бейөкмөт уюмдардын отчет берүүгө милдеттендирген мыйзамды кабыл алганына терең тынчсызданат

КР бейөкмөт уюмдарды отчет берүүгө милдеттендирген жаңы мыйзамды кабыл алганына АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс тынчсыздануусун билдирген кайрылуу жасады. Бул тууралуу КРгы АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Америка Кошмо Штаттары жакында Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдарга (БӨУ) каржылык жана программалык отчеттуулукту камсыз кылуу боюнча оор талаптарын койгон мыйзамды кабыл алганына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет.

Жаңы талаптар бейөкмөт уюмдардын жарандардын жашоосун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтирип, өкмөттүн COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүүсүнө көмөктөшүү боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттерине тоскоолдук жаратат.

Окшош мыйзамдар башка өлкөлөрдө туура эмес колдонулуп, өкмөттү жана саясий ишмерлерди сындаган уюмдарды бутага алган, жана бул өз пикирин билдирүү эркиндигине шек келтирет. Биз өлкө жетекчилигин мыйзамды жана анын кыргыз демократиясынын пайдубалы болгон жарандык коомуна тийгизген таасирин кайра карап чыгууга чакырабыз. Эгемендүүлүккө жеткенден бери 30 жылдай мурун түптөлгөн КРгы күчтүү плюрализм жана биримдиктердин эркиндиги салтын коргоо жана бекемдөө зарыл деп айтылат кайрылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылы район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалган. Азыркы тапта анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү. Асфальттоо иштери Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырымында, Эфиронос – Тельман

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Ош шаарындагы курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайга инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү Ош шаарынын Спортивная көчөсү 5/1 дарегинде жайгашкан турак жайда өткөрүлгөн. Ага курулушту жүргүзүп

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд ААКсы "Кыргыз Республикасында МЧОИ үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү" долбоорунун "Жашыл кепилдиктер" компонентин ишке ашырууну баштап, ага катышуу үчүн финансылык уюмдарды тандоону жарыялады. Фонддун маалыматына ылайык, долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт. Анын максаты – микро, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин