Биз жөн гана көрөлү дедик – президент талаш жараткан бейөкмөт уюмдардын отчет берүү боюнча мыйзамына комментарий берди

Биз жөн гана көрөлү дедик – президент талаш жараткан бейөкмөт уюмдардын отчет берүү боюнча мыйзамына комментарий берди

Президент Садыр Жапаров өкмөттүк эмес уюмдар өз каржы булагы жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирилген «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга киргизилген талаштуу өзгөртүүлөргө комментарий берди. Ал бул тууралуу 24-июнда чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушууда документке кол коюудан мурда айткан.

Социалдык тармактарда таратылган, чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн фрагменттеринен турган видеотасмада, президент Франциянын элчиси Франсуа Делаус менен болгон сүйлөшүүдө, бейөкмөт уюмдар Батышта жана АКШда ачык-айкын иштеп жаткандыгын айткан. 

«Акча кайдан келип, кайда кетип жаткандыгын билгибиз келет. Бул кылмыш эмес. Мейли, алар миллиарддаган долларларды алышсын, биз буга кубанычтабыз. Бирок акча кайда кеткенин көрсөтүү керек. Биз аларды куубайбыз, алардын артынан түшпөйбүз. Мыйзамда ушул жөнүндө гана айтылат. Ошондуктан трагедия кылуунун кереги жок», – деди ал.

Жапаровдун айтымында, Европа өлкөлөрү баары ачык-айкын болуш керек дегени менен, мыйзамга каршы, кош стандарттуу иш алып барышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылы район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалган. Азыркы тапта анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү. Асфальттоо иштери Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырымында, Эфиронос – Тельман

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Ош шаарындагы курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайга инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү Ош шаарынын Спортивная көчөсү 5/1 дарегинде жайгашкан турак жайда өткөрүлгөн. Ага курулушту жүргүзүп

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд ААКсы "Кыргыз Республикасында МЧОИ үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү" долбоорунун "Жашыл кепилдиктер" компонентин ишке ашырууну баштап, ага катышуу үчүн финансылык уюмдарды тандоону жарыялады. Фонддун маалыматына ылайык, долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт. Анын максаты – микро, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин