Экономика министрлиги социалдык жана экономикалык маселелерди БАЭнин жардамы менен чечүүнү көздөөдө

Экономика министрлиги социалдык жана экономикалык маселелерди БАЭнин жардамы менен чечүүнү көздөөдө

7-июлда КРнын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин БАЭнин Өкмөт иштери боюнча министрлигинин жетекчилик жана өкмөттүк потенциал маселелери боюнча башкы директору Ясир Аль-Накби менен виртуалдык жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун катышуучулары Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн Акселератору тарабынан иштелип чыккан методологияны колдонуу менен конкреттүү социалдык-экономикалык проблемаларды биргеликте чечүүнү макулдашышты. Доктор Ясир Аль-Накби Акселератор топторунун мамлекеттик, жеке сектор жана башка кызыкдар тараптар менен биргеликте жасай турган иштери тууралуу айтып берди жана проблемаларды чечүү мөөнөтү 100 күндү түзөт деп белгиледи.

Тараптар ошондой эле кызматташуу боюнча иш чаралар планын, КРнын Экономика жана финансы министрлиги менен БАЭ Өкмөтүнүн иштери боюнча министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумун иштеп чыгуу үчүн биргелешкен эксперттик жумушчу топту активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Аталган документтерге Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн иштери боюнча министри Мохаммад бин Абдулла Аль Гаргавинин КРга боло турган иш сапарынын алкагында кол коюу пландаштырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

Бишкек – Ош аба каттамындагы учактын канаты сынып, ичиндегилер чыгарылды

"Манас" аба майданында TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учактын канаты сынып, жерге жатып калган. Ичиндегилер атайын жабдуу менен сыртка чыгууда.  Кырсыктан улам оор жаракат алгандар болгон эмес. Бирок, айрымдар

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Панфилов районунда 17 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Чүй облусунун Панфилов районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылы район аймагында жалпы 30 чакырым унаа жолуна асфальт-бетон төшөө пландалган. Азыркы тапта анын 17 чакырымы толугу менен бүткөрүлдү. Асфальттоо иштери Чалдовар – Ровное – Киров унаа жолунун 7 чакырымында, Эфиронос – Тельман

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Ошто курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн техникалык абалы текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Ош шаарындагы курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайга инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүү Ош шаарынын Спортивная көчөсү 5/1 дарегинде жайгашкан турак жайда өткөрүлгөн. Ага курулушту жүргүзүп

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд ААКсы "Кыргыз Республикасында МЧОИ үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү" долбоорунун "Жашыл кепилдиктер" компонентин ишке ашырууну баштап, ага катышуу үчүн финансылык уюмдарды тандоону жарыялады. Фонддун маалыматына ылайык, долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт. Анын максаты – микро, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин