Кыргызстанда жайыттарды көзөмөлдөө боюнча мобилдик тиркеме пайда болду

Кыргызстанда жайыттарды көзөмөлдөө боюнча мобилдик тиркеме пайда болду

Кыргызстанда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча мобилдик тиркеме пайда болду. Ал Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) Кыргызстандын жаңгак токойлорунун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча долбоорунун алкагында «CAMP Ala-Too» фонду тарабынан иштелип чыккан. Бул тууралуу долбоордун басма сөз кызматы билдирди.

Бул тиркеме жайыттардагы өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү жана курамы жөнүндө толук жана заманбап маалыматтарды чогултууга мүмкүндүк берет. Ал эл аралык денгээлдеги LandPKS тиркемелеринин биринде негизделген.

Жайыттарды көзөмөлдөө тиркемеси кыргыз, орус жана англис тилдеринде жана аны бул дарек боюнча https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.forestry жүктөп алсаңыз болот.

Ал Кыргызстандын аймагында колдонууга ылайыкташтырылган, бирок келечекте аны Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө да колдонууга болот. «Жайыттарга мониторинг жүргүзүү» бөлүмүндө жүрүү оңой, анткени анда өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын, топурактын түрлөрүнүн жалпы мүнөздөмөлөрү камтылган. Берилген маалыматтарды графиктерден көрүүгө болот жана натыйжалар аймактар, райондор, участкалар жана мезгил жана жыл боюнча көрсөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жалдагы №80 мектепке заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Жалдагы №80 мектепке заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жал кичи районундагы 29/8 дарегинде жайгашкан №80 орто мектептин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушун улантууда. Мэриянын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн заманбап спорт комплекси курулат. Объекттин аймагында спорт залы, футбол аянтчасы, чуркоо үчүн жол, воркаут

Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 7-июлда, Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча кенен пикир алышты. Садыр Жапаров жогорку даражалуу конок менен саламдашып, өткөн жылдын декабрь айында Исламабад

Чоң-Кемин дарыясынын жээгин суу жеп, бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

Чоң-Кемин дарыясынын жээгин суу жеп, бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

6-июлда Кемин районунун Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Шабдан айылынан агып өткөн Чоң-Кемин дарыясынын суусунун агымынын күчөшүнөн улам оң жээкти суу жеп, жээк эрозиясы пайда болгон. Натыйжада №32 жол тейлөө кызматынын карамагындагы Кемин – Шабдан унаа жолунун 41-чакырымында жайгашкан көпүрөгө коркунуч жаралган. ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда кырдаал толугу

Бишкек Жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Бишкек Жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Бишкек шаарындагы ЖЭБде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүү максатында оңдоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, алдыдагы жылытуу мезгилинде негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга багытталган. Оңдоо иштеринин алкагында казан агрегаттарына,