Ошто DongFeng маркасындагы жеңил жүк ташуучу унаалар чыгарыла баштады

Ошто DongFeng маркасындагы жеңил жүк ташуучу унаалар  чыгарыла баштады

Ош шаарында «Кыргыз Унаа Курулуш» заводунда DongFeng маркасындагы алгачкы жолу жүк ташуучу машиналар чогултулуп баштады. Өндүрүштү ишке киргизүү салтанатына заводдун негиздөөчүсү Нурбек Осмонов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышканын түштүк борбордун мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бардык өндүрүш процесстери немец технологиялары менен жүргүзүлөт. Өндүрүштүк ишке Түркия жана Россиядан да адистер тартылган.  

2018-2020 – жылдар аралыгында курулуш жана ишке киргизүү аракеттери жүргөн. 2020-жылдын ортосунан тарта биринчи продукциялар – электрогенераторлор жана электрокалканчтар, лифттер, темир эшиктер чыгарыла баштаган. Аталган ишкана ар кандай татаалдыктагы энергетикалык жана машина куруу жабдууларын долбоорлойт жана чыгарат. Жакынкы мезгилде электромобилдер чогултулуп баштайт.

Заводдун жетекчилиги берген маалыматка ылайык, завод рынокто лидерлик позицияда болууну, КРда өндүрүштүн өнүгүүсүнө салым кошууну көздөйт. Ишкананын өз конструктордук бюросу бар. Типтүү продукцияларды гана эмес, инвидуалдуу заказ менен нестандарттуу буюмдарды да жасай алат.  Ишканада учурда 300дөн ашык адам эмгектенип жатат.  

Мындан тышкары окуңуз

Жалдагы №80 мектепке заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Жалдагы №80 мектепке заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жал кичи районундагы 29/8 дарегинде жайгашкан №80 орто мектептин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушун улантууда. Мэриянын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн заманбап спорт комплекси курулат. Объекттин аймагында спорт залы, футбол аянтчасы, чуркоо үчүн жол, воркаут

Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 7-июлда, Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча кенен пикир алышты. Садыр Жапаров жогорку даражалуу конок менен саламдашып, өткөн жылдын декабрь айында Исламабад

Чоң-Кемин дарыясынын жээгин суу жеп, бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

Чоң-Кемин дарыясынын жээгин суу жеп, бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

6-июлда Кемин районунун Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Шабдан айылынан агып өткөн Чоң-Кемин дарыясынын суусунун агымынын күчөшүнөн улам оң жээкти суу жеп, жээк эрозиясы пайда болгон. Натыйжада №32 жол тейлөө кызматынын карамагындагы Кемин – Шабдан унаа жолунун 41-чакырымында жайгашкан көпүрөгө коркунуч жаралган. ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда кырдаал толугу

Бишкек Жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Бишкек Жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Бишкек шаарындагы ЖЭБде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүү максатында оңдоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп, алдыдагы жылытуу мезгилинде негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга багытталган. Оңдоо иштеринин алкагында казан агрегаттарына,