Жакынкы жылдары Кыргызстанда доллардын курсу 84-86 сомдун чегинде болот

Жакынкы жылдары сомдун наркы туруктуу болот. Кыргызстанда доллардын курсу 84-86 сомдун чегинде өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Евразия Өнүктүрүү Банкынын (ЕӨБ) жаңыланган макроэкономикалык божомолунда айтылат.

Базалык божомолдорго таянып, банктын эксперттери акча-кредит саясаты орто мөөнөттүү келечекте туруктуу болот деп күтүшүүдө. «Акча-кредиттик органдар алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн алдын алуу үчүн валюта интервенцияларын жүргүзүүнү улантат», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-июлга карата valuta.kg порталынын берген маалыматына ылайык, борбор калаада америкалык валютанын орточо базардагы сатуу курсу 84.9 сомду түздү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү