Кыргызстанда ишкердик боюнча дүйнөлүк Чемпионат өттү – жеңүүчү байгеси 75 млн долларлык инвестиция алууга мүмкүндүк берген эл аралык финалга катышат

Кыргызстанда ишкердик боюнча дүйнөлүк Чемпионат өттү – жеңүүчү байгеси 75 млн долларлык инвестиция алууга мүмкүндүк берген эл аралык финалга катышат

9-июлда Кыргызстанда экинчи жолу ишкердик боюнча дүйнөлүк Чемпионаттын (Entrepreneurship World Cup 2021) тандоо туру болуп өттү. Улуттук тандоо турунун финалында жалпы байгеси 1 млн долларлык жана 75 млн долларлык инвестиция алууга мүмкүндүк берген эл аралык финалга катышууга жергиликтүү стартап аныкталды. Бул тууралуу Ишкердик жана инновацияны Өнүктүрүү программасынын (PEAK) маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандагы ишкердик боюнча дүйнөлүк Чемпионаттын финалында Jannat Garden Ecofarm биринчи орунду жеңип алды. Аталган стартап 2021-жылдын ноябрь айында өтө турган эл аралык финалда дүйнөдөгү эң мыкты 100 стартап тизмесине кирүүгө 200 мамлекеттен келген башка жеңүүчүлөр менен ат салышат.

Ошондой эле Jannat Garden Ecofarm стартапынын негиздөөчүсү Айсулуу Дүйшебаева ОБСЕнин программалык кеңсесинен өндүрүшкө жабдууларды сатып алуу үчүн 5000 евро өлчөмүндө накталай эмес грантты утуп алды.

Jannat Garden Ecofarm компаниясы – парфюмериялык-косметикалык каражаттар үчүн органикалык лаванда жана роза эфир майларын өндүрөт, ошондой эле органикалык мөмө-жемиштер жана кол менен жасалган буюмдар ишмердиги менен алектенет.

Болжол менен программага 50 стартап жана Кыргызстандын компаниялары катышып, алардын ичинен ону финалга чыккан.

 

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде бажы жана чек ара кызматкерлерине байланышкан коррупциялык схема аныкталды

Баткенде бажы жана чек ара кызматкерлерине байланышкан коррупциялык схема аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы жүргүзгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, мыйзамсыз схемага «Баткен» бажысынын, Чек ара кызматынын жана ветеринардык кызматтын айрым кызматкерлери катышкан. Алдын ала маалымат боюнча, кармалган кызмат

Жалдагы №80 мектепке заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Жалдагы №80 мектепке заманбап спорт комплекси курулуп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жал кичи районундагы 29/8 дарегинде жайгашкан №80 орто мектептин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушун улантууда. Мэриянын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн заманбап спорт комплекси курулат. Объекттин аймагында спорт залы, футбол аянтчасы, чуркоо үчүн жол, воркаут

Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 7-июлда, Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча кенен пикир алышты. Садыр Жапаров жогорку даражалуу конок менен саламдашып, өткөн жылдын декабрь айында Исламабад

Чоң-Кемин дарыясынын жээгин суу жеп, бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

Чоң-Кемин дарыясынын жээгин суу жеп, бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

6-июлда Кемин районунун Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Шабдан айылынан агып өткөн Чоң-Кемин дарыясынын суусунун агымынын күчөшүнөн улам оң жээкти суу жеп, жээк эрозиясы пайда болгон. Натыйжада №32 жол тейлөө кызматынын карамагындагы Кемин – Шабдан унаа жолунун 41-чакырымында жайгашкан көпүрөгө коркунуч жаралган. ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда кырдаал толугу