Баалардын жогорулашы жалпы дүйнөлүк тенденция болуп саналат – Экономика министрлиги

Баалардын жогорулашы жалпы дүйнөлүк тенденция болуп саналат – Экономика министрлиги

КРда инфляциянын деңгээли алтынчы ай катары менен максаттуу мааниден 5-7% жогору бойдон калууда. Инфляциянын жылдык мааниси 107.3%ды түздү (өткөн жылдын декабрына карата 2021-жылдын январь-июну). Инфляциянын жылдык орточо деңгээли 110.8%ды (2021-жылдын январь-июну 2020-жылдын январь-июнуна карата) түзгөнүн Экономика министирлиги маалымдайт.

Министрликтин маалыматына таянсак, өлкөдө баалардын өсүшү бир катар факторлор менен байланыштуу. Бирок, баалардын көтөрүлүшүнүн негизги себеби – дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк товарларынын наркынын кыйла жогорулашы менен байланыштуу. FAO азык-түлүк бааларынын индекси (FFPI) учурда 12-айдан бери жогорулап жатат, бул акыркы 10 жылдан бери байкалган эмес.

Пандемия салттуу жеткирүү тармагынын үзгүлтүккө учурашына, жеткирүүчүлөрдүн өзгөрүшүнө жана башка кыйынчылыктарга алып келип, азык-түлүк импортунун наркынын индексин, анын ичинде транспорттук чыгымдарды акыркы 15 жылда болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жеткирди.

Дүйнөлүк бааларга суроо-талаптар, пандемия, ошондой эле аба ырайынын жагымсыз шарттары таасирин тийгизүүдө. Мисалы, кургак аба ырайы бул түшүмдүн көлөмүнө таасирин тийгизди. Маселен, дүйнөдө күн карама майын өндүрүүчүлөрдүн бири болгон РФнын күн карама түшүмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу дүң жеткирүүлөрдүн баасы көтөрүлдү. Ошондой эле жагымсыз аба ырайы Бразилияда, Европа Бирлигинде, РФда жана Таиландда кант өндүрүшүнүн төмөндөшүнө алып келди.

Азыркы учурда, бардык жерлерде ушундай болуп жатат, атап айтканда ЕАЭБ өлкөлөрүндө, керектөө бааларынын жана тарифтеринин көтөрүлүшү орто эсеп менен дээрлик 2 эсеге байкалган, ошондуктан өндүрүүчүлөрдү сунушту карманууга үндөгөн экспортко тыюу салуу жана агрессивдүү сатып алуу сыяктуу соода саясатынын чаралары кабыл алынууда деп билдирет Экономика министрлиги.

КР баалардын өсүшүн токтотуу үчүн кандай чараларды көрүүдө?

  • буудай, буудай ун, кант, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртка сыяктуу айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салды
  • тоютту: чөп, кошмо тоют, жүгөрү, арпаны экспортко чыгарууга толук тыюу салды
  • республиканын айыл чарбасын минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук камсыздоо, жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде аларга баанын жогорулашына жол бербөө үчүн КРдан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары алып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салды
  • 2021-жылдын 8-июлунан тартып, ири мүйүздүү жана майда мал жандыктарды экспорттоого тыюу салды
  • 3 миң тонна кант жана өсүмдүк майы сатылып алынды
  • азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу, калктын социалдык аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейинки мезгилге Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу (алып келинүүчү) рафинаддалган кант жана өсүмдүк майынын салык салынуучу импорту боюнча ноль (0) % өлчөмүндө жана ишкердик субъекттери үчүн импорт жана ички жеткирүүлөр үчүн 1-июлдан 31-августка чейин КНСтин чени белгиленген
  • 2021-жылдын 1-майынан баштап социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө (өсүмдүк майы, күнкарама, кумшекер) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
  • ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү ишканалардын тизмеси бекитилген, алар КНСти 80%га азайтуу менен төлөшөт. Дан (күрүчтөн башка), жашылча өсүмдүктөрүнөн жана жаңгактан ун чыгаруу аталган тизмеге киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Шаар куруу жана архитектура департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Шаар куруу жана архитектура департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Тилек Кыдыкеев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп дайындалды. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 7-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган жетекчини департаменттин эмгек жамаатына

Кыргызстандын айрым аймактарында 7-8-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын айрым аймактарында 7-8-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июль күнү түштөн кийин жана 8-июлда өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу жараларын эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли

Кыргызстанда 24 товардык топ үчүн утилизациялык төлөм милдеттүү

Кыргызстанда 24 товардык топ үчүн утилизациялык төлөм милдеттүү

2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) системасынын алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүндө экенин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, ӨКЖ — өндүрүүчүлөр менен импорттоочуларды товарлар жана алардын таңгактары колдонулгандан кийин кайра иштетүүгө жооптуу кылган мамлекеттик механизм. Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-

Бетон куюучу унаа кулаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Бетон куюучу унаа кулаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде бетон куюучу атайын техника кулап, курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, окуя борбор калаанын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №48 даректе курулуп жаткан 20–