КРда пневмония оорусуна чалдыккандар өткөн жылга салыштырмалуу 24%га көбөйдү

КРда пневмония оорусуна чалдыккандар өткөн жылга салыштырмалуу 24%га көбөйдү

Республикада пневмония оорусуна чалдыгуулар өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 24%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды, бул өткөн жылдын  тиешелүү мезгилине салшытырмалуу 24.3%га көп.

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда – 1.7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында – 1.6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди. Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда – 25.3%га жана Талас облусунда – 20.1%га төмөндөдү.

Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүшү Чүй облусуна – 20.3%, Жалал-Абад облусуна – 17.6% жана Ош облусуна – 15.1% туура келди.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК: Рустам Мамасадыков кармалды деген маалымат жалган

УКМК: Рустам Мамасадыков кармалды деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда  тарап жаткан УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков кармалды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК, расмий маалыматка гана таянып, мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Эскерте кетсек, Фейсбук колдонуучусу Айка Сыргатаева УКМКнын биринчи орун басары Рустам Мамасадыковду коррупцияга байланыштуу кармалды деп маалымат тараткан. Кыргызстандын экономика,

Мындан ары президентке “Түндүк” тиркемеси аркылуу кайрылууга болот

Мындан ары президентке “Түндүк” тиркемеси аркылуу кайрылууга болот

Садыр Жапаровго кайрылуу жөнөтүү үчүн кагаз түрүндөгү арыз жазуунун, почта аркылуу жөнөтүүнүн же президенттин администрациясына жеке баруунун кажети жок. Бардык кайрылуулар тиркеме аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Кызмат мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, колдонуучулар өздөрүнүн кайрылуусуна расмий документтерди, сүрөттөрдү жана башка кошумча материалдарды тиркей алышат. Тапшырылгандан кийин, кайрылуу расмий

Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланат

Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланат

“Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААК МККда акционерлердин кезексиз жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө жалгыз акционер КРнын Финансы министрлиги Фондду микрофинансылык компанияга айландыруу милдетин койду. Мындай билдирүүнү фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланса, Фонддун буга чейинки мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, ишкерлерди каржылоонун жеткиликтүүлүгү жакшырат. Башкача айтканда, Фонд

Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардарини расмий тосуп алды

Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардарини расмий тосуп алды

Бүгүн Чолпон-Атада Президент Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи өттү. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, салтанаттуу азем “Рух-Ордо” маданий борборунда уюштурулуп, анда Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилди. Иш-чарага 40 этно-жоокер катышты. Расмий саламдашуудан кийин мамлекет башчылары