Кыргызстанда салыкчылар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшүүдө

Кыргызстанда салыкчылар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшүүдө

Бүгүн, 21-июлда Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Эмдөөнү №10 үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери уюштурушту. Эмдөөнүн алдында ар бир кызматкердин ден соолугунун абалы текшерилди.

Эмдөөдөн аймактык салык органдарынын кызматкерлери да өтүшөт.

Ведомствонун борбордук аппаратында жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмдөө жүргүзүү кампаниясынын алкагында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу максатында коронавирустан иммунизациялоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Мындан ары президентке “Түндүк” тиркемеси аркылуу кайрылууга болот

Мындан ары президентке “Түндүк” тиркемеси аркылуу кайрылууга болот

Садыр Жапаровго кайрылуу жөнөтүү үчүн кагаз түрүндөгү арыз жазуунун, почта аркылуу жөнөтүүнүн же президенттин администрациясына жеке баруунун кажети жок. Бардык кайрылуулар тиркеме аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Кызмат мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, колдонуучулар өздөрүнүн кайрылуусуна расмий документтерди, сүрөттөрдү жана башка кошумча материалдарды тиркей алышат. Тапшырылгандан кийин, кайрылуу расмий

Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланат

Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланат

“Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААК МККда акционерлердин кезексиз жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө жалгыз акционер КРнын Финансы министрлиги Фондду микрофинансылык компанияга айландыруу милдетин койду. Мындай билдирүүнү фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланса, Фонддун буга чейинки мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, ишкерлерди каржылоонун жеткиликтүүлүгү жакшырат. Башкача айтканда, Фонд

Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардарини расмий тосуп алды

Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардарини расмий тосуп алды

Бүгүн Чолпон-Атада Президент Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи өттү. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, салтанаттуу азем “Рух-Ордо” маданий борборунда уюштурулуп, анда Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилди. Иш-чарага 40 этно-жоокер катышты. Расмий саламдашуудан кийин мамлекет башчылары

Нарында заманбап агрохимиялык лаборатория ишке кирет

Нарында заманбап агрохимиялык лаборатория ишке кирет

Нарын облусунда топурактын сапатын аныктоочу заманбап лаборатория 2026-жылдын 1-октябрынан тартып ишке кирет. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу билдирди. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Илич Марсбек уулу облус башчысы Нурбек Сатаров менен биргеликте Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу,