«Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасы бекитилди – тизмеге мурдагы программанын катышуучулары киргизилди

«Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасы бекитилди – тизмеге мурдагы программанын катышуучулары киргизилди

Министрлер Кабинети «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак жай программасын бекитти. Түзүлүп жаткан жаңы турак жай программасынын катышуучуларынын тизмесине мурдагы өкмөттүк «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын катышуучуларынын тизмеси киргизилген.

Эске салсак, «Менин үйүм 2021-2026» жылдык пайыздык ченди 4%га чейин төмөндөтүүнү, ошондой эле кийинчерээк сатып алуу келишими менен турак жайды ижаралоо механизмин иштеп чыгууну камтыйт. Мындан тышкары, программа жарандарды арзан баада турак жай менен камсыз кылуу фондун түзүүнү көздөйт.

Жакынкы 5-6 жылда МИК мамлекеттик ипотекалык насыялоо секторуна кеминде 30 млрд сом тартууну жана кеминде 800 миң чарчы метр арзан турак жай менен камсыз кылууну пландаштырууда.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов программанын аткарылышына күмөн санап жаткандыгын билдирген эле.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК: Рустам Мамасадыков кармалды деген маалымат жалган

УКМК: Рустам Мамасадыков кармалды деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда  тарап жаткан УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков кармалды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК, расмий маалыматка гана таянып, мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Эскерте кетсек, Фейсбук колдонуучусу Айка Сыргатаева УКМКнын биринчи орун басары Рустам Мамасадыковду коррупцияга байланыштуу кармалды деп маалымат тараткан. Кыргызстандын экономика,

Мындан ары президентке “Түндүк” тиркемеси аркылуу кайрылууга болот

Мындан ары президентке “Түндүк” тиркемеси аркылуу кайрылууга болот

Садыр Жапаровго кайрылуу жөнөтүү үчүн кагаз түрүндөгү арыз жазуунун, почта аркылуу жөнөтүүнүн же президенттин администрациясына жеке баруунун кажети жок. Бардык кайрылуулар тиркеме аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Кызмат мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, колдонуучулар өздөрүнүн кайрылуусуна расмий документтерди, сүрөттөрдү жана башка кошумча материалдарды тиркей алышат. Тапшырылгандан кийин, кайрылуу расмий

Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланат

Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланат

“Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААК МККда акционерлердин кезексиз жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө жалгыз акционер КРнын Финансы министрлиги Фондду микрофинансылык компанияга айландыруу милдетин койду. Мындай билдирүүнү фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланса, Фонддун буга чейинки мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, ишкерлерди каржылоонун жеткиликтүүлүгү жакшырат. Башкача айтканда, Фонд

Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардарини расмий тосуп алды

Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардарини расмий тосуп алды

Бүгүн Чолпон-Атада Президент Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи өттү. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, салтанаттуу азем “Рух-Ордо” маданий борборунда уюштурулуп, анда Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилди. Иш-чарага 40 этно-жоокер катышты. Расмий саламдашуудан кийин мамлекет башчылары