Түштүк региондо 25 ишкер бизнес окууну аяктап, алдыңкы үчөө 4 млн сомдук инвестиция алышты

Түштүк региондо 25 ишкер бизнес окууну аяктап, алдыңкы үчөө 4 млн сомдук инвестиция алышты

Ош шаарында мектепке чейинки 25 билим берүү мекемелери жана эрте курактагы балдарды өнүктүрүү борборлору Accelerate Prosperity бизнес-акселераторду ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Жыйынтыктоочу күнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын ишкерлери өздөрүнүн бизнес долбоорлорун жана андан аркы инвестицияларды алуу стратегияларын сунушташты. Бизнес-акселератордун программасы USAID жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган «Жергиликтүү өзгөрүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.

Программага катышуу үчүн балдарды өнүктүрүү борборлорунан жана бала бакчалардан 120дан ашык келген арыздардын ичинен 30 компания тандалып алынган. Окуу курсун толугу менен 25 ишкер аяктады.

Катышуучулар Accelerate Prosperity командасынан бизнести кардарга багыттап куруу, мамлекеттик стандарттар жана балдарды эрте өнүктүрүүнүн саясаты, эл аралык Монтессори окуу программасы, баалуу сунуштар сыяктуу лекциялардын курстарын аякташты.

Катышуучулардын ар бирине жеке бизнес-трекерлер бекитилип, алар тренингдин жүрүшүндө катышуучуларды коштоп, бизнести өзүн-өзү диагностикалоо куралдары менен тааныштырышканын уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Программанын бүтүрүү иш-чарасында, Демо күнү, ишкерлер инвестиция алуу максатында, инвестициялык консультативдик комитетке бизнес долбоорлорун жана масштабдоо стратегияларын сунушташты. Мындан тышкары, питчингге ар кандай каржы институттар жана эл аралык уюмдардан өнөктөштөр жана USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору, Highland Capital, FMFC жана башкалар инвесторлор чакырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда орточо айлык 49 миң 600 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 49 миң 600 сомду түздү

Кыргызстанда быйыл январь–апрель айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 49 миң 600 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21.3%га жогору. Былтыр январь–апрель айларында орточо айлык акы 40 миң 776 сомду түзгөн. Ошол эле

Шаар куруу жана архитектура департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Шаар куруу жана архитектура департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Тилек Кыдыкеев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп дайындалды. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 7-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган жетекчини департаменттин эмгек жамаатына

Кыргызстандын айрым аймактарында 7-8-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын айрым аймактарында 7-8-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июль күнү түштөн кийин жана 8-июлда өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу жараларын эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли

Кыргызстанда 24 товардык топ үчүн утилизациялык төлөм милдеттүү

Кыргызстанда 24 товардык топ үчүн утилизациялык төлөм милдеттүү

2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) системасынын алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүндө экенин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, ӨКЖ — өндүрүүчүлөр менен импорттоочуларды товарлар жана алардын таңгактары колдонулгандан кийин кайра иштетүүгө жооптуу кылган мамлекеттик механизм. Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-