Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга мамлекет колдоо көрсөтөт – президент

Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга мамлекет колдоо көрсөтөт – президент

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырып жатып, бардык жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө жарандарынын ден соолугу менен өмүрүнүн жана алардын мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл.

Ошону менен бирге Министрлер Кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүү тапшырылды.

Ошондой эле президент табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аларга тиешелүү жардамдар көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Шаар куруу жана архитектура департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Шаар куруу жана архитектура департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Тилек Кыдыкеев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп дайындалды. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 7-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган жетекчини департаменттин эмгек жамаатына

Кыргызстандын айрым аймактарында 7-8-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын айрым аймактарында 7-8-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июль күнү түштөн кийин жана 8-июлда өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу жараларын эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли

Кыргызстанда 24 товардык топ үчүн утилизациялык төлөм милдеттүү

Кыргызстанда 24 товардык топ үчүн утилизациялык төлөм милдеттүү

2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) системасынын алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүндө экенин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, ӨКЖ — өндүрүүчүлөр менен импорттоочуларды товарлар жана алардын таңгактары колдонулгандан кийин кайра иштетүүгө жооптуу кылган мамлекеттик механизм. Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-

Бетон куюучу унаа кулаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Бетон куюучу унаа кулаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде бетон куюучу атайын техника кулап, курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, окуя борбор калаанын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №48 даректе курулуп жаткан 20–