Жарасул Абдураимов Экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды

Жарасул Абдураимов Экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, Абдураимов Жарасул Осмоналиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КРнын Экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Белгилей кетсек, Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынган, мурда ал бир катар өнөр жай объектилерин жетектеп келген», – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусунун Алай районунда туулган. Абдураимов жеке ишкер, Нанотехнология институтунун башчысы, Футзал федерациясынын президенти кызматтарын да аркалап келген.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барып, көргөзмөнүн пленардык жыйынында "Өнөр жай 360: чек арасыз өндүрүш" деген темада сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев

Кыргызстан менен Катар социалдык долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Катар социалдык долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтөт

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев Кыргызстандагы Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын директору Абдельгадир Алимам Альбашеир Мохамед жетектеген делегация менен жолугушту. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда социалдык инфраструктура тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана аймактарда социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков кармалганы кабарланды

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков кармалганы кабарланды

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков коррупциялык кылмыштарга шектелип кармалганы кабарланды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазды. Маалыматтарга караганда, кылмыш ишинде атайын кызматтын дагы бир нече мурдагы кызматкери бар. Шадыбеков 2026-жылдын февраль айында УКМК төрагасынын орун басары жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп

Автобуста жол кирени төлөдүңүзбү? Бишкекте күн сайын рейд жүргүзүлүүдө

Автобуста жол кирени төлөдүңүзбү? Бишкекте күн сайын рейд жүргүзүлүүдө

Бишкекте муниципалдык коомдук транспортто жол кирени төлөө эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддердин жүрүшүндө айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен жол кирени альтернативдүү төлөө тартиби боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген талаптарды сактоо зарылдыгы эскертилүүдө. Эске салсак, 1-