«Кумтөр» ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы пландык ремонтко байланыштуу токтотулат

«Кумтөр» ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы пландык ремонтко байланыштуу токтотулат

2021-жылдын 23-июлунан 30-июлуна чейин «Кумтөр» ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы жыл сайын пландык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу токтотулат. Мындай маалымат «Кумтор Голд Компанинин» маалымат сайтында жарыяланды.

Алтын ылгоо фабриканын менеджери Нурдин Усенов үч тегирмендин ички сегменттеринде футеровкалар алмаштырылаарын, ширетүү жана башка оңдоо иштери жүргүзүлөрүн кабарлады.

«Жалпысынан, зарыл болгон оңдоп-түзөө жана тетиктерди алмаштыруу иштерин жүргүзөбүз. Эгерде, бардык пландалган иштер белгиленген мөөнөттөн эрте аяктаса, анда фабрика 29-июлдан тартып иштей баштайт», – деди Нурдин Усенов.

Фабрикада оңдоо иштери жүрүп жатканда, кенде тоо жумуштары кадимки тартипте улана берет.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барып, көргөзмөнүн пленардык жыйынында "Өнөр жай 360: чек арасыз өндүрүш" деген темада сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев

Кыргызстан менен Катар социалдык долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Катар социалдык долбоорлор боюнча кызматташууну күчөтөт

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев Кыргызстандагы Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын директору Абдельгадир Алимам Альбашеир Мохамед жетектеген делегация менен жолугушту. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда социалдык инфраструктура тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана аймактарда социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков кармалганы кабарланды

УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков кармалганы кабарланды

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков коррупциялык кылмыштарга шектелип кармалганы кабарланды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазды. Маалыматтарга караганда, кылмыш ишинде атайын кызматтын дагы бир нече мурдагы кызматкери бар. Шадыбеков 2026-жылдын февраль айында УКМК төрагасынын орун басары жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп

Автобуста жол кирени төлөдүңүзбү? Бишкекте күн сайын рейд жүргүзүлүүдө

Автобуста жол кирени төлөдүңүзбү? Бишкекте күн сайын рейд жүргүзүлүүдө

Бишкекте муниципалдык коомдук транспортто жол кирени төлөө эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддердин жүрүшүндө айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен жол кирени альтернативдүү төлөө тартиби боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген талаптарды сактоо зарылдыгы эскертилүүдө. Эске салсак, 1-