Министрликтер Германиянын компаниялары менен онлайн режиминде жолугушууларды өткөрөт

Министрликтер Германиянын компаниялары менен онлайн режиминде жолугушууларды өткөрөт

20-июлда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын экономикалык өнүгүүсүнө жана тышкы экономикалык байланыштарына көмөктөшүү боюнча Федералдык Союздун мамлекеттик органдары менен байланыштар боюнча директору Урс Ункауф менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар КР менен Германиянын 2000 жакын ири жана орто компаниялары мүчө болгон жогоруда аталган Федералдык Союздун ортосунда кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдө, ошондой эле санариптештирүү жаатында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстандын кызыкдар министрликтери, ведомстволору менен Федералдык Союздун мүчө компанияларынын ортосунда онлайн жолугушууларды уюштуруу түрүндөгү өз ара кызматташтыкты улантуу тууралуу макулдашылды.

Мындан тышкары окуңуз

Шаар куруу жана архитектура департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Шаар куруу жана архитектура департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Тилек Кыдыкеев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп дайындалды. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 7-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган жетекчини департаменттин эмгек жамаатына

Кыргызстандын айрым аймактарында 7-8-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын айрым аймактарында 7-8-июлда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июль күнү түштөн кийин жана 8-июлда өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу жараларын эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли

Кыргызстанда 24 товардык топ үчүн утилизациялык төлөм милдеттүү

Кыргызстанда 24 товардык топ үчүн утилизациялык төлөм милдеттүү

2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) системасынын алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүндө экенин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, ӨКЖ — өндүрүүчүлөр менен импорттоочуларды товарлар жана алардын таңгактары колдонулгандан кийин кайра иштетүүгө жооптуу кылган мамлекеттик механизм. Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-

Бетон куюучу унаа кулаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Бетон куюучу унаа кулаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде бетон куюучу атайын техника кулап, курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, окуя борбор калаанын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №48 даректе курулуп жаткан 20–