ЖБӨнүн 1000ге жакын кызматкери «Санарип Аймак» системасы боюнча окуудан өтүштү

ЖБӨнүн 1000ге жакын кызматкери «Санарип Аймак» системасы боюнча окуудан өтүштү

Үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларында өлкөнүн муниципалитеттеринин 966 кызматкери «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалымат системасы боюнча окуудан өтүштү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Тренингдер КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги тарабынан Бишкектеги ЕККУ Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

«Санарип аймак» системасын киргизүүнүн негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун, кабыл алынуучу чечимдердин сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат алууда бюрократиялык жана кагаз убаракерчиликтериин жоюу болуп саналат деп билдиришти министрликтен.

«Санарип Аймак» – бул айыл өкмөтүнүн паспорту, чарбалык китептерди түзүү процессин автоматташтыруу, ички миграцияга мониторинг жүргүзүү, бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү, муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка которуу, актуалдуу маалыматтар жана автоматтык түрдө статистика, отчетторду түзүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө системада 1 649 562 жашоочулар, 488 831 үй чарбасы боюнча каттоо жүргүзүлөн.

«Санарип Аймак» системасы КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта гектарынан 10 тоннага чейин түшүм берген кара кожогат өстүрүлүүдө

Таласта гектарынан 10 тоннага чейин түшүм берген кара кожогат өстүрүлүүдө

Талас облусунун Манас районунун тургуну Чубак Жолдошбеков 3,6 гектар аянтка эгилген Лохнес сортундагы кара кожогаттын алгачкы түшүмүн жыйноону баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Дыйкан бул сортту былтыр отургузуп, быйыл биринчи жолу түшүм алып жатканын билдирди. Анын айтымында, Лохнес сортундагы кара

Кара-Кулжада жайыт жерди мыйзамсыз бузган жаранга 68 миң сом доо коюлду

Кара-Кулжада жайыт жерди мыйзамсыз бузган жаранга 68 миң сом доо коюлду

Кара-Кулжа районунда жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталып, мыйзам бузган жаранга айып пул салынып, келтирилген чыгым өндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Гүз айыл аймагынын

Коомдук транспорттун жаңы тарифин 56 миңден ашык адам пайдаланды

Коомдук транспорттун жаңы тарифин 56 миңден ашык адам пайдаланды

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто кайра отуруу тарифи ишке киргизилгенден бери шаар тургундары жол кирени төлөөнүн жаңы системасын жигердүү колдонуп жатышат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кызмат иштей баштаган алгачкы алты күндүн ичинде кайра отуруу тарифинин алкагында 56 817 акысыз кайра отуруу катталды. Жаңы система боюнча, биринчи

Нарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталды

Нарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталды

Нарын шаарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү жана заманбап тейлөө шарттарын киргизүү менен колдонуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында учурдагы күйүүчү майдын, электр энергиясынын баасы жогорулаган маалда автобус жана электробустардын каттамын туруктуу кармоо, тейлөө кызматынын жеткиликтүулүгүн камсыздоого байланыштуу