Израиль өзүнүн жарандарына КРга келишине тыюу салды

Израиль коронавируска байланыштуу өз жарандарынын Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салды. Бул тууралуу newsru.co.il порталы билдирди.

Ошондой эле кызыл тизмеге Аргентина, Бразилия, Түштүк Африка, Индия, Россия, Мексика, Беларуссия, Өзбекстан, Испания кирет. Кийинки жумадан баштап анын курамын Улуу Британия, Грузия, Кипр жана Түркия толуктамакчы.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-июлда эле КР 60 күнгө чейин визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесине Израилди да кошкон болчу.

Эскерте кетсек, визасыз кирүүгө уруксат берилген тогуз жаңы өлкөнүн катарында Албания, Болгария, Вьетнам, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика да бар.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды