Облустарга жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдөр дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, облустарда жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдөр дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.

Жарлыктарга ылайык:

  • Алимбаев Абдикарим Карбекович президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
  • Ашимбаев Сабыркул Абасович президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
  • Жамалдинов Зиядин Исламович президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
  • Кожоев Мирбек Кокулбаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
  • Нарбеков Бакытбек Наркулович пезиденттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
  • Сыргабаев Абсаттар Токтогулович президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;
  • Тентишев Эркин Саткынбаевич президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте дарыланып жаткан балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды