Салык кызматы ишкерлерди тейлөө борборунда кызмат көрсөтүүчү 27 кызматкерди окутту

Салык кызматы ишкерлерди тейлөө борборунда кызмат көрсөтүүчү 27 кызматкерди окутту

Салык кызматы ишкерлерди жана салык төлөөчүлөрдү, анын ичинде экспорттоочуларды тейлөө борборунун кызматкерлерин окутту. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Тренингдин жүрүшүндө борбордогу аймактык салык органдарынын 27 кызматкери электрондук салыктык тейлөө жана программалык модулдар менен практикалык иштерди, Ишкерлерди тейлөө борборундага сервистик кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Салык кызматы тарабынан иштелип чыккан Регламенттин алкагында иштөөнү үйрөнүштү, ошондой эле салык мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен таанышышты.

Салык кызматы борбор калаада Ишкерлерди жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө борборунун ачылышына даярданууда. Борбордун негизги максаты – салык кызматынын адистеринин башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте «бирдиктүү терезе» принциби боюнча ар кандай кызматтарды көрсөтүүсү эсептелет.

Анын ичинде – салык төлөөчүлөрдү каттоо, кайра каттоо жана каттоону жокко чыгаруу, патент жана камсыздандыруу полистерин берүү, салык, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду кабыл алуу жана иштеп чыгуу, ар кандай маалымкаттарды берүү, так отчеттуулук бланктардын каттоо, этил спиртин, алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензияларды берүү ж. б.

Мындан тышкары, Ишкерлерди тейлөө борбору жаңыдан иш баштаган ишкерлерди окутуп, ишкердикти жүргүзүү маселелери боюнча керектүү маалыматтарды берип турат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта гектарынан 10 тоннага чейин түшүм берген кара кожогат өстүрүлүүдө

Таласта гектарынан 10 тоннага чейин түшүм берген кара кожогат өстүрүлүүдө

Талас облусунун Манас районунун тургуну Чубак Жолдошбеков 3,6 гектар аянтка эгилген Лохнес сортундагы кара кожогаттын алгачкы түшүмүн жыйноону баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Дыйкан бул сортту былтыр отургузуп, быйыл биринчи жолу түшүм алып жатканын билдирди. Анын айтымында, Лохнес сортундагы кара

Кара-Кулжада жайыт жерди мыйзамсыз бузган жаранга 68 миң сом доо коюлду

Кара-Кулжада жайыт жерди мыйзамсыз бузган жаранга 68 миң сом доо коюлду

Кара-Кулжа районунда жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталып, мыйзам бузган жаранга айып пул салынып, келтирилген чыгым өндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Гүз айыл аймагынын

Коомдук транспорттун жаңы тарифин 56 миңден ашык адам пайдаланды

Коомдук транспорттун жаңы тарифин 56 миңден ашык адам пайдаланды

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто кайра отуруу тарифи ишке киргизилгенден бери шаар тургундары жол кирени төлөөнүн жаңы системасын жигердүү колдонуп жатышат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кызмат иштей баштаган алгачкы алты күндүн ичинде кайра отуруу тарифинин алкагында 56 817 акысыз кайра отуруу катталды. Жаңы система боюнча, биринчи

Нарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталды

Нарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталды

Нарын шаарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү жана заманбап тейлөө шарттарын киргизүү менен колдонуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында учурдагы күйүүчү майдын, электр энергиясынын баасы жогорулаган маалда автобус жана электробустардын каттамын туруктуу кармоо, тейлөө кызматынын жеткиликтүулүгүн камсыздоого байланыштуу