Токтогул суу сактагычындагы суу мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла аз – Энергетика министрлиги

Токтогул суу сактагычындагы суу мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла аз – Энергетика министрлиги

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев Токтогул, Үч-Коргон, Шамалды-Сай, Күрпсай ГЭСтериндеги жана Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин орун басары техникалык кызматкерлер менен кеңешме өткөрүп, Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

Министрлик учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 11 млрд кубометрден ашканын билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир кыйла төмөн.

Ошол эле учурда суунун деңгээли жаз мезгилине салыштырмалуу жогорулаган. Министрликтин алдын-ала божомолуна ылайык, 1-октябрга карата бул көрсөткүч 13.2 млрд кубометрге чейин көтөрүлөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, Энергетика министрлигинин божомолу ишке ашса деле, суу сактагычтагы суунун көлөмү 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 2 млрд кубометрге аз болот.

Кыргызстан бир нече жылдан бери суунун жетишсиздиги көйгөйүн тартып келет. Токтогулдагы суунун азайышы менен байланышкан электр энергиясынын тартыштыгынан республика коңшулардан бул жаатта жардам алууга аргасыз болуп келет.

Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиясын алмашуу боюнча келишим түзүп, ошондой эле Түркмөнстандан электр жана газ жеткирүү боюнча макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта гектарынан 10 тоннага чейин түшүм берген кара кожогат өстүрүлүүдө

Таласта гектарынан 10 тоннага чейин түшүм берген кара кожогат өстүрүлүүдө

Талас облусунун Манас районунун тургуну Чубак Жолдошбеков 3,6 гектар аянтка эгилген Лохнес сортундагы кара кожогаттын алгачкы түшүмүн жыйноону баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Дыйкан бул сортту былтыр отургузуп, быйыл биринчи жолу түшүм алып жатканын билдирди. Анын айтымында, Лохнес сортундагы кара

Кара-Кулжада жайыт жерди мыйзамсыз бузган жаранга 68 миң сом доо коюлду

Кара-Кулжада жайыт жерди мыйзамсыз бузган жаранга 68 миң сом доо коюлду

Кара-Кулжа районунда жайыт жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталып, мыйзам бузган жаранга айып пул салынып, келтирилген чыгым өндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Гүз айыл аймагынын

Коомдук транспорттун жаңы тарифин 56 миңден ашык адам пайдаланды

Коомдук транспорттун жаңы тарифин 56 миңден ашык адам пайдаланды

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто кайра отуруу тарифи ишке киргизилгенден бери шаар тургундары жол кирени төлөөнүн жаңы системасын жигердүү колдонуп жатышат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кызмат иштей баштаган алгачкы алты күндүн ичинде кайра отуруу тарифинин алкагында 56 817 акысыз кайра отуруу катталды. Жаңы система боюнча, биринчи

Нарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталды

Нарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталды

Нарын шаарында коомдук транспорттун баасын жогорулатуу сунушталууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү жана заманбап тейлөө шарттарын киргизүү менен колдонуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында учурдагы күйүүчү майдын, электр энергиясынын баасы жогорулаган маалда автобус жана электробустардын каттамын туруктуу кармоо, тейлөө кызматынын жеткиликтүулүгүн камсыздоого байланыштуу