Акыркы айда Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 7%га кымбаттады

Акыркы айда Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 7%га кымбаттады

Кыргызстанда акыркы бир айда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы орто эсеп менен 6.9%га кымбаттады. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы айда А-80 бензини 7.5%га, А-92 бензини 7.6%га, дизелдик отун 5.8%га кымбаттаган.

Аталышы23 июнь21 июль+ сом менен+ %
Бензин А-8047.8 сом51.4 сом3.6 сом7.5%
Бензин А-9250.1 сом54 сом3.8 сом7.6%
Дизель отуну45.5 сом48.2 сом2.7 сом5.8%

Монополияга каршы агенттиктин маалыматына караганда, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасынын көтөрүлүшү Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун (аффинаждык заводдорунун) дүңүнөн сатуу бааларынын 2021-жылдын башынан бери жогорулашы менен байланыштуу. Июль айындагы келишимдерге ылайык, (июнь айына салыштырмалуу) Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дүң сатуу баасы тоннасына 65 долларга чейин көтөрүлдү.

Мотор күйүүчү майынын чекене баасына РФдагы баа топтомдорунун өзгөчөлүктөрү таасир этет: чийки заттын баасы жана аны иштетүүгө кеткен чыгымдар, салыктар, киреше чеги ж.б. Мотор күйүүчү майынын чекене баасынын 50%дан ашыгын салыктар түзөт (анын ичинде чийки мунай зат ташып келүү жана кайра иштетүү учурунда – 30%, андан кийин чийки заттын баасы кыйла жогорулайт) деп кошумчалады мамлекеттик агенттик.

Жалпысынан, 2021-жылдын башынан бери бензиндин жана дизель майынын чекене баасы 47% га жана 31%га чейин жогорулады.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жол курулуш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр Бишкектеги Профсоюз көчөсүндөгү, Түндүк айланма жолундагы жана Чүй облусунда жүрүп жаткан жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берди. Иш

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүндө Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты. Реконструкцияланган көчө 49-көчө менен кесилишип,

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда автокран оодарылып кеткен окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 7-май күнү Матыев көчөсү 21 жана 21/2 дарегинде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда болгон. Автокран өндүрүштүк