Коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 2.5 эсеге көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өткөн айга салыштырмалуу 2.4 эсеге көбөйдү. Мындай маалыматты Улустатком берди.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын июнунда жалпы республика боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) оорусу менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 22.6 миңден ашык учурлары катталган.

Июнда калктын 100 миңине алганда, майга салыштырмалуу ооругандардын саны – 2.4 эсеге, ал эми апрель айына салыштырмалуу – 3.0 эсеге көбөйгөн.

Июнь айында коронавирус инфекция оорусу менен катталган учурлардын (47% жакыны) Бишкек шаарына, ал эми (18% жакыны)  Чүй облусуна туура келди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана курулат

Курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кербен шаарында айыл чарба жарманкеси өттү

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды