Мамлекеттик башкаруу алдындагы «Ысык-Көл Аврора» санаторийинин ижарачыларынан 2013-жылдан бери акы алынбай келет

Мамлекеттик башкаруу алдындагы «Ысык-Көл Аврора» санаторийинин ижарачыларынан 2013-жылдан бери акы алынбай келет

2013-жылдан бери «Ысык-Көл Аврора» санаториясынын ижарачыларынан жер тилкелери үчүн ижара акысы алынбай келет. Бул тууралуу «Ысык-Көл Аврора» мамлекеттик ишканасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынан кийин белгилүү болгонун Эсеп палатасы билдирди.

Көзөмөлдөөчү органдын маалыматына таянсак, бул жер тилкелеринин аянты 2 гектарды түзөт жана жалпы аянты 6.5 миң чарчы метрди түзгөн 14 коттедж бар.

Аудиттик иштер көрсөткөндөй, коттедж үйлөрдүн ижарачыларынан жыл сайын 900 миң сомдон 2.4 млн сомго чейин ижара акы алынбайт. Жалпысынан, ижарачылардын төлөө тартибинин начарлашы жана 14.9 млн сом суммасындагы карыздар боюнча туумдар төлөнбөй калган.

Белгилей кетсек, мындай башкаруу улутташтырылган мүлктүн аянты 7.44 га жана инженердик курулмалар 142 млн сомго жер түрүндө жоголуп кетүү коркунучуна алып келген. Ушундай эле тобокелдиктер мамлекеттин көзөмөлүндөгү башка объектилерде дагы катталат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жол курулуш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр Бишкектеги Профсоюз көчөсүндөгү, Түндүк айланма жолундагы жана Чүй облусунда жүрүп жаткан жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берди. Иш

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүндө Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты. Реконструкцияланган көчө 49-көчө менен кесилишип,

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда автокран оодарылып кеткен окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 7-май күнү Матыев көчөсү 21 жана 21/2 дарегинде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда болгон. Автокран өндүрүштүк