Сеулдагы эл аралык көргөзмөгө кыргыз продукциялары коюлду

Сеулдагы эл аралык көргөзмөгө кыргыз продукциялары коюлду

Сеулда өткөн импорттук товарлардын эл аралык көргөзмөсүндө кыргыз продукциялары да коюлду. Экономика министрлиги Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жана ата мекендик компаниялар менен биргеликте жарманкеге кыргыз продукциясын жеткирүүнү камсыз кылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмө Кореянын тийиштүү мамлекеттик органдарынын колдоосу менен Корея Импортерлор Ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, 22-июлда башталып, 24-июлда аяктайт.

Бул көргөзмөнүн негизги багыты Кореядагы чет мамлекеттердин товарларын жана продукцияларын: айыл чарба продукцияларын, мөмө-жемиштер жана суусундуктар, балдар буюмдары, ашкана идиштери, үй буюмдары, зер буюмдары жана аксессуарлар, косметика, туристтик кызматтар жана башкаларды жергиликтүү калкка тааныштыруу.

Көргөзмөгө «Дары Тянь Шаня», Aman Greenfood, Bee Honey, «Семейный Плюс», «Насыйкат Исмаилова», «Кыргыз шоколады», «Арония Фарм» ЖЧКнын продукциялары коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Суунун Ак-Колот айылына 119 млн сомго мектеп курулат

Кара-Суунун Ак-Колот айылына 119 млн сомго мектеп курулат

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Колот айылында заманбап үлгүдөгү 150 орундуу жаңы мектеп курулат. Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 119 миллион сомду түзөт. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, долбоорго ылайык мектеп үч блоктон турат. Анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган. Имараттын

Аскат Алагөзов: Саммитке байланыштуу бишкектиктер Ысык-Көлгө же эс алуучуу жайларга барып тургула

Аскат Алагөзов: Саммитке байланыштуу бишкектиктер Ысык-Көлгө же эс алуучуу жайларга барып тургула

30-31-август жана 1-сентябрда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармакка жазды. Анын айтымында, өлкөдө биринчи жолу 21 мамлекеттин жетекчилери бир учурда келишет. Айрымдары биринчи айымдар менен. Себеби айрым президенттердин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлары

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун