Эми соттолбогондугу тууралуу маалымкатты КТБдан алууга болот

Эми соттолбогондугу тууралуу маалымкатты КТБдан алууга болот

2021-жылдын 26-июлунан баштап жарандар соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалымкатты жана жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыздарды Бишкек шаарынын Калкты тейлөө борборлорунан алса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, бул кызмат борборунун калкты тейлөө борборлорунда ачылышы арыз берүүчүнүн убактысын үнөмдөп, ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анткени соттолгондугу же соттолбогондугу маалымкат көп тармактарда талап кылынуучу зарыл документ болуп саналат.

Толтурулган өтүнмө ИИМге жөнөтүлөт жана 7 күндөн кийин документти Курманжан Датка көчөсү, 115 дареги боюнча ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматтарды көрсөтүү борборунан алууга болот.

Эгерде маалымкат шашылыш түрдө керек болсо, анда акы төлөнүүчү негизде 1-3 күндүн ичинде да алууга болот.

Эскерте кетсек, аталган документти ИИМге барып отурбастан, Бишкектеги КТБда «өзүн-өзү тейлөө зоналарындагы» https://portal.tunduk.kg/ электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы аркылуу да алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-