Коронавирустун үчүнчү толкуну туу чокудан өттү

Коронавирустун үчүнчү толкуну туу чокудан өттү

Кыргызстанда коронавирус жана жугуштуу пневмония менен оорунун үчүнчү толкуну туу чокудан өттү. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Акыркы күндө вирус менен катталгандардын саны 1000 ден аз болууда. Бейшеналиевдин айтымында, оорунун төмөндөшү дагы уланат.

«Азыр биз балдардын сентябрь айында салттуу түрдө мектепке келиши үчүн эмдөөдөн өтүүгө шашып жатабыз. Ошондой эле эмдөөдөн өтүүгө дем берүүчү жаңы ыкмалар менен иштөөдөбүз. Мисалы, эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет бонусу берилет. Кафе жана ресторандар эмдөөдөн өткөн зыяратчыларга жеңилдиктерди берүүсү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Тамак-аш тейлөө түйүндөрү мындай чараларга макул. Кантсе да, алар дагы кадимкидей иштегиси келет», – деди Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы узак мөөнөттүү божомол боюнча, баары эмдөө ылдамдыгынан көз каранды экендигин белгиледи. «Эгерде биз баарына эмдөө жүргүзсөк, анда бул жыл төртүнчү толкунсуз өтөт», – деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-