Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Кыргызалтын Ювелирпром» биргелешкен ишканасы түзүлдү

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Кыргызалтын Ювелирпром» биргелешкен ишканасы түзүлдү

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Кыргызалтын Ювелирпром» биргелешкен ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы маалымдады.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында «Алтын» кыргыз зергерчилик заводу ишканасынын базасында түзүлгөн «Кыргызалтын Ювелирпром» жаңы ишканасына барды. Биргелешкен ишкана «Кыргызалтын» ААКсы жана «Алтын» кыргыз зергерчилик заводу ЖЧКсынын катышуусунда түзүлгөн.

Учурда казылып алынган баалуу металлдарды өзүбүздөн иштетүү секторун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жигердүү каралып жаткандыгы белгиленди. Бул кайра иштетүүдө кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүнүн, салыктар жана өлкө жарандары үчүн кошумча жумуш орундарын түзүү менен бюджетти толтуруунун эсебинен улуттук дүң өнүмдүн көлөмүн көбөйтүү сыяктуу маанилүү милдеттерди чечүүгө өбөлгө болоорун маалымдашты.

Баалуу металлдардын казылып алынган көлөмү зер буюмдары түрүндө сатылган учурда негизги салыктардын эсебинен бюджеттин кирешеси кыйла көбөйөт.

Мамлекет башчысы жаңы ишкананын жетекчилигинин алдына 2022-жылдын 1-январынан тарта, азыркыдай казылып алынган чийки затты экспортко кошумча нарксыз тазаланган куйма түрүндө чыгаруунун ордуна, КРда иштетилген алтындын көлөмүн көбөйтүү милдетин койду.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-