«Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы ишке кирди – МИК

«Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы ишке кирди – МИК

Мамлекеттик ипотекалык компания КРнын Министрлер Кабинети «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасын бекиткендигин кабарлады.

Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу Программанын төмөнкүдөй негизги багыттарын ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашат:

  • мамлекеттик ипотекалык насыялардын пайыздык чендерин жылдык 4% га чейин акырындык менен төмөндөтүү, ошондой эле кийинчерээк сатып алуу менен турак жайды ижарага алуу механизмин иштеп чыгуу
  • өлкөнүн жарандарын турак-жай менен камсыз кылуу үчүн, жеке турак жай фондун түзүү
  • ипотекалык турак жайды насыялоо секторуна инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык донорлор менен иштөө.

Мамлекеттик ипотекалык насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү максатында, «МИК» ААК өнөктөш банктар менен алардын маржасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Эгер буга чейин ипотекалык насыя жылдык үстөгү 6-8% менен 15 жылга берилип келген болсо, эми 4% менен 25 жылга чейинки мөөнөткө берилүүсү күтүлүүдө. Мурдагыдай мамлекеттик ишканаларда иштегендер жана аз камсыз болгондор деген чектөө болбойт, арыздар каалоочулардын баарынан кабыл алына берет.

Мындан тышкары, «кийинчерээк сатып алуу шарты менен ижарага берилүүчү турак-жай» жана «ислам принциптерине ылайык турак-жайды каржылоо» механизмдери иштелип чыгат.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-